Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Баракелде, Бишкек 12.10.2018 12:55 Жаңыланды: 12.10.2018 14:16

«Кыздар көңүл буруп баштады»: 19 жашында салмагы 120 кг жеткен Маликтин ийгилиги (сүрөт)

Turmush -  Жашоодо көздөгөн максатка жетүүнүн башаты талбаган эмгек экенин Маликтин окуясы да тастыктайт. Ашыкча салмактан өспүрүм кезинен бери жабыркап келген Малик кандай кадамдарга барганын Limon.KG басылмасына айтып берген.

Ашыкча салмак менен күрөшүүнүн алкагында Малик мүнөздөп тамак ичүү (диета) жолун да тандап көрдү. Бирок андан жыйынтык болбогондуктан тескерисинче депрессияга кабылган. Өзүн кайрадан колго алган каарманыбыз 8 айда 40 кг салмактан арылган жыйынтыкка да жетишти.

«Ашыкча салмак көйгөйү өспүрүм кезимде башталган. Мага кыздар көңүл бурчу эмес. 117 кг кезимде салмагыма карабастан курдаштарым менен дискотекаларга барып, брейк-данс да бийлеп жүрчүмүн.

19 жашымда ата-энемден ажырап, стресстин кесепетинен дагы кошумча салмак пайда болду. Адам семиргенде депрессияга жакын болуп калат. Мен да көп убакытка чейин жабыркадым», - деди Малик.

Ашыкча салмактан арылуу үчүн алгачкы аракетин 15 жашында баштап, бирок ал учурда туура тамактануу жана мүнөздөп тамак ичүүнүн жолдорун билчү эмес. Спортко жакын эмес болгондуктан аз өлчөмдө тамактанууга аракет кылып көргөн. Ошол учурда бир аз салмак таштаганы менен 19 жашында 120 кг жеткен.

«Өзгөчө катуу диета сактап, күнүнө бир маал гана тамактануу менен 54 кг арыктадым. Бирок бир күнү өзүмдү абдан жаман сезип, андан кийин диетаны токтотууну чечтим. Бирок тез арада арыктагандай эле өтө тез убакытта кайра толуп кеттим. Андан бир аз убакыттан кийин пауэрлифтинг менен машыгып, 148 кг салмакта болсом, 36 кг салмактан арылдым. Бирок машыгууну токтоткондон кийин кайрадан салмак кошуп баштадым», - деди Малик.

Учурда Маликтин салмагы 106 кг. Ал салмагын 90 кг чейин түшүрүп, жакынкы 2 жылда үй-бүлө курууну пландап жатканын кошумчалады.

Ал бир күндө 5-6 жолу тамактанат. Саат 08:00дө ботко (каша), саат 11:00 чамасында 2 даана алма, киви же 1 банан менен тамактанат. Ал эми түшкү тамактануудагы (саат 12:30) тамак 300 граммдан (адатта жашылча-жемиштен жасалган шорпо) ашпашы керек. Саат 16:00 чамасында салат тандаса, саат 19:30 чамасындагы меню түшкү тамактанууга окшош болот.

«Машыгуу залына бара баштадым. Учурда күн алыстан 1 саат машыгып жатам. Атайын жабдыктын жардамы менен 5 км чуркап, кардиомашыгууга басым кылам.

Мурда жалкоо болсом, азыр өзүмдүн үстүмдөн иштеп, максаттарым тууралуу дайыма ойлоном. Айрым учурда машыгууну үзгүлтүккө учураткан күндөр болот. Бирок катары менен эки күн машыгып жатып толуктайм.

Ал эми арыктагандан кийинки жашоом тууралуу айтсам, абдан жакшы өзгөрүүлөр болду. Мурда өзүмдүн денемди көргүм келчү эмес. Кыздар да көңүл буруп баштады.

Мурда тез-тезден чарчап турсам, азыр сергек жана энергиялуу болуп калдым», - деген Малик: «Тамактын көлөмүн азайтып, жай тамактануу керек. Эң негизгиси — туура тамактануу жана эч кандай диетанын зарылдыгы жок. Эгерде адамда көйгөйү болсо кол шилтеп отуруп калбай, тескерисинче өзүнүн кемчиликтери менен күрөшүүгө шык боло турганын түшүндүм», - деп кеңеш берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×