Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 12.10.2018 12:26

Ак-Талаанын Чолок-Кайың айылында мал базар ачылды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылында мал базар ачылгандыгын айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Үчүгөнова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, базар аталган айылдагы жергиликтүү тургундардын убарасын азайтуу, мал уурдоого бөгөт коюу максатында ачылды.

«Бул веткомплекс болуп курулуп, 4 профилде ишке кирген. Алар: мал базар, кой кыркын пункту, мал дарылоочу жай, мал камоочу жай. Долбоордун наркы 1 млн 153 миң 662 сом болчу. 863 миң сомун АРИС каржылаган. 63 миң сому өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Күз келип, элдин мал сатууга муктаждыгы күчөгөндүгүнө байланыштуу районго мал ташымай убарасын азайтуу максатында веткомплекстин ичине мал базарды ишке киргиздик. Ичинде мал камаганга, байлаганга бардык шарттары түзүлгөн. Мал сатууга зарыл бардык маалымдамалар мындан ары ушул жерден берилмекчи», - деди Г.Үчүгөнова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×