Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 11.10.2018 17:45

Жумгалда авариялык мектептин мугалимдери чириген бактарды кыйдыра албай жатышат (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектебинин жалпы жамааты жана ата-энелер окуучулардын коопсуздугу үчүн тынчсызданып келишет, деп билдирди аймактык кабарчы.

Мугалимдердин айтымында, авариялык абалда турган мектептин капталында жалпы 12 чириген жана бак-дарактар бар. Буга чейин алар кооптуу бактарды кыйдыруу үчүн райондук куткаруу кызматына, айыл өкмөткө жана башка түзүмдөргө кайрылышкан. Бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес. Жакында эле ал бактардын бири мектептин үстүнө кулап, ата-энелердин тынчсыздануусун ого бетер күчөткөн.

«Биз мектептин артындагы кулай турган бактар тууралуу айыл өкмөткө жана тиешелүү органдарга кайрылганыбызга бир айдан ашты. Нарын облустук айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгына да кайрылуу жолдонгон. Алар өздөрү адистерин жиберишмек, бирок алардан дайын жок. Айыл тургундары жана ата-энелер өздөрү кыйып салалы дешет. Бирок айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгы уруксат бербесе айып пул салынат экен. Бир жылдары куураган бир бактын дүмүрүн кыябыз деп айып пул төлөгөнбүз. Бул жакта элдин чарбактарында бактар бар, алар да мектепке кооптуу. Шамал болсо эле сарсанаа болуп турабыз», - дешет мугалимдер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×