Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.10.2018 15:31

Кара-Көлдө РЭСтин, Балдар спорт мектебинин, жарандык актыларды каттоо бөлүмүнүн башчылары алмашты

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы райондук электр станциясынын (РЭС) башчысы болуп Муратов Турдакун Төлөбаевич дайындалды. Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка 22-сентябрда «Жалал-Абад электр» ААКтын башкы директору кол койгон.

Мындан тышкары, Балдар спорт мектебинин жетекчилиги дагы алмашып, директорлук кызматка Дүйшөбаева Сууракан Эркинбаевна дайындалган. Тиешелүү буйрукка шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кол койгон.

С.Дүйшөбаева немис тилчи мугалими, билим берүү тармагында 1981-жылдан бери эмгектенет. Балдар спорттук мектебинде 2012-жылдан бери иштеп, директордун орун басары кызматын аркалап келген.

Ал эми Кара-Көл шаардык жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнүн ( ЗАГС) башчылыгына Батанова Сайкал Батановна дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×