Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Чүй облусуСокулук району 11.10.2018 14:18 На русском

Сокулуктун мурунку акими Болот Саткеев эми Президенттик аппаратта иштеп баштайт

Turmush -  Сокулук районунун мурдагы акими Болот Саткеев президенттин аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн инспектору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президенттин аппарат жетекчиси Д.А.Эсеналиев кол койду.

Чүй облусундагы Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Саткеев Болот Жантайбекович ээлеген кызматынан 27-мартта бошотулган.

39 жаштагы Б.Саткеев Сокулук районунун акими болуп 2017-жылдын 7-мартында ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен дайындалган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×