Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 11.10.2018 12:06 На русском

Ат-Башынын Ак-Моюн айыл аймагында 1 млн сомго ветеринардык клиника курулду (сүрөт)

Turmush -  Ат -Башынын Ак-Моюн айыл аймагында ветеринардык клиника ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл аймактын башчысы Жеңишбек Кайыпов билдирди.

Маалым болгондой, ветеринардык клиника АРИС тарабынан 1 млн 163 миң сомго курулган. Анын 265 миң сому өздүк салым катары айылдык бюджеттен бөлүнгөн. Жалпы 24 сотых аянтты ээлеген клиника жугуштуу оорулардын алдын алуу, малды сапаттуу тейлөө максатында курулган.

Нарын облусунда жалпы 28 ветеринардык клиника бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×