Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Баракелде, Бишкек 11.10.2018 12:01

«Манас» аэропортунан башка паспорт менен Түркиядан учуп келген кыз кармалды

Turmush -  Бүгүн, 11-октябрда «Манас» аэропортунан Түркиядан башка бирөөгө таандык паспорт менен учуп келген кыргызстандык кыз кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, кармалган кыз Стамбул—Бишкек каттамында учуп келгенден кийин 1998-жылы туулган Э.Б. аттуу кызга таандык паспортту көрсөткөн. Чек арачылар текшерүү учурунда паспорттогу сүрөткө өзүнүн окшошпой жатканын байкап калышкан. Мындан тышкары паспортто мамлекеттик чек арадан өткөндүгү жөнүндө жасалма штамп басылган. Андан аркы иликтөөдө кармалган кыз 1995-жылы туулган А.К. экендиги, ал башка паспортту колдонгондугу такталды. Ал Түркиянын миграциялык мыйзамын бузгандыгы үчүн өлкө аймагына кирүүгө тыюу салынган. Ага карабай 2017-жылы «Манас» аэропортунан Түркияга учуп бара жатып чек арачыларга өзүнүн паспортун көрсөтүп, баргандан кийин түрк чек арачыларына жасалма штамп басылган башка паспортту көрсөткөн. Кайра мекенине кайтып келген учурда жасалма паспорт менен кармалды.

Тийиштүү чара көрүү үчүн кармалган кыз УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×