Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 11.10.2018 10:25

Жумгалда «Биз да карыйбыз, карыяларга камкордук көрсөт» иш-чарасы уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында акын Сейдаалы Медетовдун 90 жылдыгы жана Карыялар күнүнүн урматына «Биз да карыйбыз, карыяларга камкордук көрсөт» иш-чарасы болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, айылдык маданият үйүндө 50гө жакын карыяларга сый-урмат көрсөтүлүп, дасторкон жайылды. Аны менен бирге элге эмгеги сиңген алдыңкы карыяларга сыйлоо баракчалары жана акчалай жардамдар берилди.

Ошондой эле, райондун Баш-Кууганды айылындагы маданият үйүндө Карыялар күнү белгиленип, айыл өкмөттүн кызматкерлери тарабынан сый-урмат көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×