Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 11.10.2018 10:14

Айыл турмушу: Тогуз коргоолчу А.Жапаркуловдун окуучулары Азия чемпионаттарында ийгиликтерди жаратууда (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын 42 жаштагы тургуну Адил Жапаркулов тогуз коргоол оюну боюнча ийрим ачып, 18 жылдан бери окуучуларды машыктырып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Мугалимдин айтымында, бала кезинен бери тогуз коргоолго кызыгып, ойноп келет.

«Мен математика сабагына кызыгып, жакшы окугандыктан улуттук акыл оюнубуз жана спортубуз болгон тогуз коргоолду агайларымдан үйрөнүп, ойной баштадым. Ошондон азыркы күнгө чейин турнирлерге катышып келем. Облустун атынан чыгып, бардык мелдештен 1-орунду алган күндөр дайым эле кездеше бербейт. Кээде 2-3-орунга дагы ээ болгон күндөрүм болгон. Райондук, облустук грамоталар менен сыйланып, 2013-жылы спорт чебери, 2014-жылы район боюнча "Жылдын мыкты мугалими", 2017-жылы "Нарын облусунун мыкты машыктыруучусу" наамдарын алгам. 2012-жылдан бери эл аралык даражадагы калысмын», - деди спортчу.

Адил Жапаркуловдун окуучулары учурда Азия чемпионаттарына катышып, ийгиликтерди жаратууда.

«2000-жылы Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин география жана экология факультетин аяктагам. Окуумду бүтөрүм менен Кара-Суу айылындагы Карыпбек Карыпбеков атындагы орто мектебине жумушка орношуп, 11 жыл географиядан сабак берип жүрдүм. Ал мектептин жетекчиси мага "тогуз коргоол боюнча ийрим ачпайсыңбы? Бизде турнирлер өтүп турат, бирок окуучулар алдыңкы орундарга ээ боло албай келет" деп сунуштаган. Анын сунушун четке какпай, окуучуларга үйрөтө баштадым. 3 жылдай утулуп жүрүп, көнүп калгандан кийин республикалык деңгээлге чейин чыгышкан.

2011-жылдан бери өзүмдүн айылымдагы Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектебинде географиядан окуучуларга билим берүүдөмүн. Бул жактан дагы ийрим ачып, учурда тогуз коргоол ойногон 30 окуучум, шахмат ойногон 10 окуучум бар. Аталган акыл оюндарына математикага кызыккан балдар көп келишет. Жашында чек жок. Үйрөтө берем. Шакирттерим республикалык гана эмес, Азия чемпионатына чейин чыгып, жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келет. Эки кызым Айгерим, Жасмин жана окуучум Аида Казакстандын Павлодар шаарына, Россияга жолдомо алышып, 2-3-орундарды камсыздаган. Үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде кызым Жасмин Монголияга жолдомо алып, материалдык жактан даяр болбой, бара алган жокпуз.

Алдыда тогуз коргоол оюну боюнча атайын класс ачайын деген оюм бар. Ошондой эле окуучуларымды олимпиадага даярдап жатам», - деди мугалим.

Жубайы Н.Орозкожоева кесиби боюнча мугалим. Учурда үй кожойкеси. Алардын 3 кыз, 2 уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×