Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 11.10.2018 09:46

Түптө улгайган адамдарга экскурсия уюштурулду (фото)

Turmush -  Түп районунда карыларга камкордук көрсөтүү бир айлыгы уланып жатат.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын кичи залында райондун акими Э.Жантаев 25 карыяны Карылар күнү менен куттуктап, аларга узак өмүр, чың ден соолук каалоо менен баалуу белектерин тапшырды. Андан соң аларга сый тамак уюштурулду.

Ошондой эле акимдин орун басары Э.Дюшебаева, Социалдык фонддун райондук бөлүмүнүн башчысы Б.Айбалиев атайын унаа уюштуруп, аксакалдарды Каракол шаарына экскурсияга алып барып келишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×