Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Баракелде, Бишкек 10.10.2018 16:09

«Мындан да ачык кадрлар бар эле»: Мирбек Атабеков менен Камшат Жолдыбаеванын талкууга алынган клиби

Turmush -  Учурда социалдык тармактарда кыргыз эстрада ырчысы Мирбек Атабеков менен казак эстрада ырчысы Камшат Жолдыбаеванын «Тыӊда мени» дуэтине тартылган клиптеги ачык кадрлар талкууланып жатат. Бул талкууларга ырчы Мирбек Атабеков мындай жооп кайтарды.

«Коомчулуктан айланса болот. Биздин таланттуу адамдардын чектен чыкпашына кам көрүп, аларды токтотуп келишет. Мен бул үчүн сүйүнөм. Ал эми клип боюнча айтсам, ал кадимки эле клип болду. Арасында бир-эки секунддук талкуу жарата турчу кадрлар бар. Негизи ушундай талкуу болорун күткөм. Эми шоу-бизнес ансыз болбойт экен. Ар кайсы тараптан өзүӊдү сынап көрүшүӊ керек. Актёрлук талантымды да сынап көрөйүн дедим. Актер боло турган болсоӊ, анда терс каарман да болуп көрүш керек. Бирок клиптеги менин ролум жакшы адамдын ролу. Бандит болгону менен ал мыкты сапаттарга ээ жигит», - деди ал.

Анын айтымында, аталган клипти Казакстандын режиссерлору тартышкан.

«Алардын көз карашы башка. Мындан да талаптары катуу болчу. Өбүшүү сыяктуу чектен чыккан талаптар да бар эле. Бирок мен "бардык нерсе өзүнүн чеги менен болушу керек" деп баш тарткам», - деди ал.

Ал эми Мирбек Атабековдун келинчеги Мээрим өзүнүн социалдык баракчасына клип чыгармачылык менен эң мыкты тартылганын жазды.

WhatsApp Image 2018-10-10 at 15.28.05

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×