Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
10.10.2018 08:35

Өзүн аялмын деп эсептеген эркектер, күндүз уктап, түнү ойгонгон шаар... 24 жаштагы Исламбектин чет өлкөдөгү жашоосу (сүрөт)

Turmush -  Ош облусунун 24 жаштагы тургуну Исламбек Нурмаматов учурда Индонезияда жашап жатат. Ал 2 жылдын ичинде аталган мамлекеттен сырткары Малайзия, Вьетнамда да жашап, Сингапур менен Таиландды кыдырганга жетишти. Ал аймактык кабарчыга жашоосу кымбат Сингапур, ылдамдык менен өнүгүп жаткан Малайзия, ислам динин тутунган Индонезия жана айрым эркектери өздөрүн аялмын деп эсептеген Таиланд жөнүндө айтып берди.

Эч убакта башка өлкөлөрдө жашап калам деп ойлогон эмесмин

Мен чакан үй-бүлөдө төрөлдүм, үйдө төрт кишибиз: атам, апам, эжем жана мен. Эжем үй-бүлө куруп, 2 баланын энеси болду. Ата-энем жеке ишкерлик менен алектенишет. Өзүм 2 жылдан бери чет өлкөдө жашап келем. Чет өлкөдө жашап, иштөө максатым жогорку окуу жайдын акыркы курсунда окуп жүргөндө пайда болгон. Негизи эле бала кезден АКШга барууну кыялданчумун жана ошол себептен окуучу кезимде англис тилин үйрөнө баштагам. Досторума дайыма эч убакта ушинтип башка өлкөлөрдө жашап калам деп ойлогон эмесмин деп айтып келем. Эми да айтам, дагы башка өлкөлөргө көчүп, жашап калышым ыктымал. Жашоо — бул табышмактуу. Бир билгеним, акыр аягында Кыргызстанга кайтам жана саякаттаганым үчүн өкүнбөйм.

Вьетнамда 6 ай бекер жашадым

2 жылдын ичинде Малайзия, Вьетнам, Индонезия өлкөлөрүндө жашап, Сингапур менен Таиландды кыдырганга жетиштим. Айрымдар менин саякатымды ата-энеси каржылап жатат же кандайдыр бир компанияда иштейт деп ойлошот. Бирок андай эмес. Мени эч ким каржылаган жок жана мен анчалык көп акча таба элекмин. Азыр өтө аз акча менен саякаттоонун жолдору бар. Мисалы, Вьетнамда 6 ай бекер жашадым. Бул багытта көптөгөн долбоорлор жана волонтерлук программалар бар. Алар жатакана, тамак-аш, жол кире акысын камсыздап берсе, сен өз кезегиңде аларга жардам берип же билгениңди окутасың. Тандоо көп. Мындай программалар дүйнөнүн ар тарабында ишке ашат.

Индонезиялыктардын тилин үйрөнсөң, анда Малайзия, Сингапур жана Бруней элинин тилин өздөштүрүү оңой болот

Мен учурда Индонезияда консалтингдик компаниянын бизнес башкаруу тармагында иштейм. Жумушта индонезиялыктардын тилинде сүйлөшөбүз. Ошондуктан бул тилди дагы өздөштүрүшүм керек. Бул тил дүйнөдөгү эң жөнөкөй тилдердин бири. Малайзиянын, Сингапур жана Бруней элинин тилине абдан окшош. Бош убактымда жергиликтүүлөргө орус жана англис тилинен сабак берем.

Малайзия — ылдамдык менен өнүгүп келе жаткан өлкө

Малайзияда жергиликтүүлөр үчүн да, чет өлкөлүктөр үчүн да бардык шарттар түзүлгөн. Дүйнөнүн чар тарабынан чет өлкөлүктөр жана студенттер агылып келишет. Малайзиядагы өзгөчөлүктөр: эшикте ысык болсо, имараттардын ичи суук, ар бир жаран жанына бир бөтөлкө суу алып жүрөт, көчөдөн таягы менен турган жол инспекторду күндө эле көрө бербейсиң, айдоочулар өтө сабырдуу жана жол эрежесин эч убакта бузушпайт, айдоочулар үн чыгаргычты эч убакта колдонушпайт. Мындай мисалдарды айта берсе көп. Ушунун баары Кыргызстанымда болсо деп кыялданам. Бул өлкө абдан ысык, калганы баары жакшы.

Вьетнамга ойдо жок жерден барып калдым…

Вьетнамга барып калам деп эч убакта ойлогон эмесмин. Бирок виза көйгөйүнөн улам чет өлкөлөргө чыгып кайра келүүгө туура келди. Ошондо менин алдымда Филиппинге же Вьетнамга баруу тандоосу турду. Ыктыярчылардын программасын колдонуп, Филиппин менен Вьетнамды тандадым. Анткени бул өлкөлөр Малайзияга жакын жайгашкан. Эң арзан авиа каттам да бар. Билетти болбогон эле тыйынга сатып алсаң болот. Ошондуктан малайзиялыктар ойдо жок жерден Таиландга, Гонконгго да эс алуу күндөрү барып келе алышат. Мен бул көрүнүштү малайзиялык досторумдан көрүп жүрөм.

Ыктыярчылардын программасына кайрылуу жазган соң мага Вьетнамдан жооп келди. Биз кат алышып, шарттар боюнча сүйлөшүп, жолго чыктым. Ал жакта окуучуларга, бала бакчанын тарбиялануучуларына англис тилинен сабак бердим. Аталган өлкөдөн көптөгөн дос күттүм. Азыр да алар конокко чакыра беришет. Вьетнам өзүнүн каада-салтын бекем сактаган өлкө. Вьетнам бир көрүп келүүгө боло турган өлкө деп ойлойм.

Таиланддыктар күндүз уктап, түнү ойгонот…

Таиланд ичимдиктин, кечки шаан-шөкөттүн өлкөсү, ошондой эле бул жерде трансексуалдар көп. Эркектердин көбү өздөрүн аялмын деп эсептешет экен. Алар чынында кудум эле кыздарга окшош. Кадимки кыздардан эч айырмасы жок. Таиланддын борбору Бангкок менен Паттайя шаарында болдум. Туристтер өтө көп экен. Шаар күндүз уктап, түнү ойгонот.

Сингапурда мени долбоор көп жерден сактап калды, болбосо…

Сингапурда жашоо кымбат. Мен «Сouchsurfing» программасын колдонуп, жергиликтүү тургундардын үйүндө жашадым. Ушул долбоор мени көп жерден сактап калды, көчөдө калган жокмун. Сингапур — бизнес борбор. Жергиликтүү тургундар жапырт спорт менен машыгып, эртең менен топ-топ болуп чуркашат экен. Ал эми шайтан арабалар ар бир бурчта турат. Кайсыл жерге чейин тээп баргың келсе тебе бересиң. Сингапурдун аэропорту чоң гипермаркетти элестетет. Ал жактан эс алуучу, көңүл ачуучу жайларды табууга болот. Эгер визада көйгөй болсо, маселе жок, аэропортто жашай бересиң.

Сөзүмдүн аягында Индонезия жөнүндө кеп кыла кетпесем болбойт…

Индонезия 17 000 майда жана чоң аралдардан турган мамлекет. Анан да 250 млн жашоочусу бар. Алардын көпчүлүгүн мусулмандар түзөт, кичинекейинен чоң кишилерге чейин 5 маал намазды калтырбай окушат. Бул өлкөнүн да айтып бүткүс толгон токой кызыгы көп. Бул өлкөнү көрүп келүүгө кеңеш берем.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×