Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 09.10.2018 17:00 На русском

Айыл турмушу: Кадамжайлыктар атайын кар алдында калтырып сактаган алмаларды башкалардан кымбат сатышат (фото)

Turmush -  Кечээ, 8-октябрда Кадамжай районунун Бирлик айылында кар жаап, алма бактардагы түшүм кар алдында калды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айыл тургуну Зулфикаар Саматов билдирди.

«Быйыл кыш айылыбызга эрте түшүп калды. Анткени деңиз деңгээлинен 2 миң метр бийиктикте жайгашкан. Кечээ, 8-октябрда тоолуу жерлерге кар жаап, алмаларыбызды басып калды. Бирок эч нерсе эмес, азыр акырын шактарын сынбай турган кылып, карларын күүп түшүрүп жатабыз. Күндүн көзү ачылар замат көпчүлүк болуп терип алабыз. Бир кар жеген алма эң таттуу жана узак сактаганга жарамдуу болот. Биз жылда эле ошентип теребиз. Элдин алмасын 50 сомдон алса, биздин алманы кар астынан 70 сомдон дүң (оптом) баада сатып алып кетишет. Кар астында сакталган алма табигый жытын, өңү-түсүн, даамын толук бойдон сактап калат. Бирлик айылындагы багбандар алманы үзүп, бактын ичинде эле, ордунан жылдырбай кышы менен сакташат. Терилгенден кийин да 2-3 кар бастырып, андан кийин үстүн жылуулап, бөз (кездеменин бир түрү) менен жаап коюшат. Андан кийин бөз менен жабылган алманын үстүнө канча кар жааса алма ошончо жакшы турат. Алма бүгүнкүдөй болуп, бүт баардык касиеттерин, буруксуган соонун жытын, даамын толук сактап калат. Мындай ыкма менен учурда Ош, Жалал-Абад, Баткенде гана алманы сакташат», - деди ал.

Зулфикаар Саматов жылына 15 тонна алма алат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 7-8-октябрь күндөрү Баткен облусунун айрым аймактарында кар жаагандыгы кабарланган.

Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовдун маалыматы боюнча, райондун Көк-Таш, Андарак, Айбийке, Кара-Булак, Айкөл айылдарында 5 см жеткен кар түшкөн. Буга чейин ӨКМ узакка созулган кургак жана жылуу аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлө турганын эскерткен болчу.

Лейлек райондук айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Исамидин Кенжебаевдин айтымында, Лейлек районунун Айкөл жана Көк-Таш айылдарына да кар жаады. Бирок айыл чарбасына зыян келтирген жок. Себеби район аймагында жалпы 17766 гектар жерге кылкандуу дан эгилип, толугу менен жыйналган болчу. Жалпысынан бул аймакта 29432 тонна дан эгиндери жыйналды. Кар жааган аймакта алма жана күрүч толугу менен жыйналып бүтө элек. Бирок кардын зыяны тийген жок.

Мындай аба ырайы күзгү дан эгиндерин эгүүгө тоскоол болууда. Быйылкы жылы Лейлек району боюнча жалпысынан 3000 гектар жерге күздүк дан эгиндерин эгүү пландалып, анын 195 гектары гана эгилди.

Жалал-Абадда дагы бүгүн таң эрте кар жаады. Айдоочулардын айтымында, жолдорду туман каптады. Учурда абанын температурасы +10 градусту түзүүдө.

Куткаруу кызматтары абанын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу айдоочулардан жолдо жүрүүдө кылдат болууну өтүнөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×