Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 27.09.2018 19:34 На русском

Видео — Кадамжайдын тургундары Кытайдан келген ишкерлерди коркутуп, контейнерге камап коюшту

Turmush -  Баткен облусунун Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы Майдан айылынын тургундары Кытайдын жарандарынан турган топту жазалоого аракет кылышкандыгы боюнча ММКлардын биринде жарыяланган маалыматка комментарий берди.

Райондук администрациянын маалыматына караганда, окуя ушул жылдын 25-сентябрында саат 12:30 чамасында Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Майдан айылында жайгашкан Шамбесай алтын кенинде болгон.

Кытай Республикасынын жарандары: Бишкек шаарындагы «Golden-Group» алтын изилдөө компаниясынын башкы директору – 1957-жылы туулган Gong Jinde, башкы директордун жардамчысы – 1981-жылы туулган Guo Yan жана башкы директордун чакыруусу менен Кытай Республикасынын жарандары – 1981-жылы туулган Song Guo Hong, 1974-жылы туулган Wu Guang Yu болушуп, Кызыл-Кыя шаарынын 1984-жылы туулган тургуну Абдуразаков Ильязга таандык «Хонда Элизион» унаасы (мамлекеттик белгиси А05-06 АА) жана Бишкек шаарынын 1985-жылы туулган тургуну Айбашов Айбекке таандык «Лексус 470» унаасы (мамлекеттик номуру 85-55 BAW) менен Шамбесай алтын кенине барышкан.

Топуракта алтын бар же жок экенин аныктоо максатында барган кытай жарандарын А.Айбашевдин таанышы – 2007-2008-жылдары «Z-Explorer» кампаниясында геолог болуп иштеген Ош шаарынын 1972-жылы туулган тургуну Ураимов Шадыбек коштоп барган.

«Кытай жарандары Шамбесай алтын кенине барган учурда Майдан айыл аймагынын 50-60ка жакын жашоочулары аларга нааразычылык көрсөтүшкөн. Ал жерге Кадамжай РИИБдин кызматкерлери барып, кытай жарандарын курчап алган элдерден бошотушуп, коомдук тартипти көзөмөлгө алышкан. Окуя болгон жерге Кадамжай районунун акими Ж.Исаков, Кадамжай РИИБдин башчысы, милициянын подполковниги О.Кочкоров жана УКМКнын Кадамжай райондук бөлүмүнүн башчысы А.Абдрахманов барып, элди тынчтандырган.

Ишти териштирүү үчүн Кытай жарандарын РИИБдин Үч-Коргон аймактык милиция бөлүмүнө алып келишкен. Териштирүү учурунда Кытай жарандарынын «Голден-Групп» компаниясында иштегени тийиштүү документтери аркылуу тастыкталып, Майдан айылына аталган жердеги топуракта алтын бар же жоктугун изилдөө үчүн барышкандыгы аныкталган.

Ал жерди интернет аркылуу көрүшкөнүн жана «Z-Explorer» кампаниясында иштеген Ш.Ураимов көрсөтүп бергенин айтышкан. «Голден-Групп» компаниясы Бишкек шаарында Юстиция министрлигинде №1447453300000 саны менен катталып, лицензия боюнча Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда «Средне-Сандалаш» аттуу жайда ишмердүүлүк жүргүзүү керек экени, лицензиянын мөөнөтү 2020-жылга чейин узартылгандыгы такталды», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле администрациядан билдиришкендей, аталган компаниянын ишмердүүлүгүн, кендерди изилдөө канчалык мыйзамдуу экенин билүү үчүн Айдаркен, Кызыл-Кыя шаарлары жана Кадамдай району боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан кытай жарандарынын иш аракеттеринде буюм жана ар түрдүү таш, топурактарды баштыктарга салган кендин үлгүлөрүн алышканы боюнча КРнын «Жер казынасы жөнүндөгү мыйзамынын» 19- 20-21-21-1, 22, 23, 24, 30, 31, КРнын «Экологиялык экспертиза» жөнүндөгү мыйзамынын 2-3-5-9-беренелеринде көрсөтүлгөн талаптарды бузганды аныкталган.

Чогултулган материал Кадамжай РИИБде катталып, тергөө кызматы тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Видеодо жергиликтүү тургундар кытай жарандарын өз алдынча жазалай тургандыктарын айтып, аларды контейнерге камап коюуну чечишкендиги көрсөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×