Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 18.09.2018 09:14

Эгиздер: Белек Бараканов самбо боюнча мелдеште эгизи Саяк менен күч сынашып калып, көрүүчүлөрдү таң калтырышкан учурлар болот (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында чоңойгон 24 жаштагы эгиздер Саяк менен Белек Баракановдор самбо боюнча мелдештерде ийгиликтерди жаратышууда. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Белек мырзанын айтымында, кээ бир спорттук мелдештерде эгизи экөө финалга чыгып, күч сынашып калган учурлар да болот.

«Эгизим экөөбүздүн кызыктуу окуяларыбыз көп. Машыгуу залына жаңы келген балдар бизди алмаштырып баштары адашчу. Ал дагы эч нерсе эмес. Кээде финалга эгизим экөөбүз атаандаш болуп чыгып калган учурлар болот. Бир жолу экөөбүз финалга чыгып, бири-бирибиз менен күрөшмөк болуп калдык. Залдагы көрүүчүлөр бир саамга жымжырт болуп калышты. Биз алардын таң калып жатканын билдик. Бир аздан соң көрүүчүлөр кайра жанданып, сүйлөшүп, кобурашып башташты. Анан экөөбүз күрөшүп баштаганыбызда кимибизди сүрөп жатканын өздөрү деле түшүнбөстөн, кыйкырып, ордуларынан тура калып, бир нерселерди айтып бакылдап жатышты», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле спортко барган алгачкы 3 жылы катары менен ийгиликсиз болгонун да билдирди.

«Эгизим экөөбүз кичинекей чагыбыздан эле спортко жакын өстүк. Экөөбүз үйдө эртели-кеч күрөшө берчүбүз. Бирде ал жеңет, бирде мен жеңем. Ошентип жүрүп мындан 10 жыл мурун Чолпон-Ата шаарында самбо менен машыктырган спорттук зал ачылып калды. Биз аны угуп эле катышууга жөнөп калдык. Ошондон бери самбо менен машыгып келебиз. Бирок алгачкы 3 жылда мен үчүн ийгилик жаратыш оор болду. Ушул 3 жылда 1 да жолу жеңишке жеткен жокмун. Бирок көгөрүп, тырышып, машыгып жүрүп, акыры ийгиликтерди багынта баштадым. 2016-жылы Москвада өткөн Дүйнө кубогунда 2-орунду, 2016-жылы Ашхабадда өткөн Азия чемпиондугунда 2-орунду, 2017-жылы Астанада өткөн Дүйнө кубогунда 3-орунду жана ушул эле жылы Ашхабадда өткөн Азия оюндарында 3-орунду алдым. Быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 3-орунга татыдым», - деди ал.

Эгиздер үй-бүлөдө 6 бир тууган.

«Атам Кубатбек Бараканов менен апам Рысбүбү Өмүрчиева 6 баланы тарбиялап өстүрүштү. Үйдө 4 уул, 2 кызбыз. Биз эң кичүүлөрү болобуз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×