Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
15.09.2018 12:38 На русском

Сүрөт, видео — Нарындагы фотокапканга түшкөн ак илбирстер, карышкырлар, тоо текелер жана аюу

Turmush -  Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда быйыл фотокапкандарга өзгөчө коргоого алынган илбирстер, аюу, карышкырлар, тоо текелер түштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун илимий кызматкери Жолдошбек Кырбашев билдирди.

Анын айтымында, эл аралык OSI уюмунун эковолонтерлору менен биргеликте былтыр күзүндө 10 даана фотокапкан Нарын коругунун тескей бөлүгүндөгү Нарын дарыясынын сол тарабына орнотулган.

«2017-жылы фотокапкандарга түшкөн илбирстерге талдоо жасалып, 7 илбирс бар экени такталган. Жакында эле фотокапкандарды карап, экспедиция уюштурдук. Учурда фотокапканга түшкөн илбирстердин санын анализдеп жатабыз. Бул жолкусунда эковолонтерлор илбирсти жапайы жаратылышта көргөнгө мүмкүнчүлүк алышты. Илбирске эки саат байкоо жүргүзүп, дүрбүлөрдүн жардамы менен карап турууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындан тышкары ушул эле фотокапкандарга аюу, карышкырлар жана тоо текелер да түшкөн», - деди Ж.Кырбашев.

Нарын мамлекттик жаратылыш коругунда 2014-жылдан бери 25 даана фотокапкан коюлуп, аларга байкоо жүргүзүлүп келүүдө. Фотокапкандардын жардамы менен коруктагы жаныбарлардын так санын билүүгө мүмкүн.

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругу 1983-жылы 29-декабрда Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин №671 токтомунун негизинде Борбордук Тянь-Шандагы жаратылыш комплекстерин коргоо, сактап калуу жана жоголуу коркунучундагы жаныбарларды калыбына келтирүү максатында уюштурулган.

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун жалпы аянты азыркы учурда 105 519 гектарды түзөт. Корукта сүт эмүүчүлөрдүн 26 түрү, канаттуулардын 110 түрү, балыктардын 3 түрү, жерде-сууда жашоочулардын 1 түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 4 түрү бар экени аныкталган. Коруктун ичинде Кызыл китепке кирген сүт эмүүчү жаныбарлардан: илбирс, сүлөөсүн, мадыл, Тянь-Шань күрөң аюусу, суусар, бугу-марал жана аркар-кулжалар байырлашат.

Кызыл китепке кирген канаттуулардан: бүркүт, ителги, көк жору, ак кажыр, кумай, Наумандын күйкөсү, шумкар, кидик бүркүт, чоң үкү, орок тумшук чулдук кездешет. Корукта өсүмдүктөрдүн 500 дөн ашык түрү бар. Анын ичинен бир нечеси дары өсүмдүктөр болуп саналат. Мисалы, алтын тамыр, ак кодол, аркар оту, уу коргошун, мамыры, көкөмерен жана башка түрлөрү кездешет.

Корук негизинен 6 чоң багыт боюнча иш жүргүзүлөт. Алар:

- Корук режими;

- илимий иштер;

- экологиялык агартуу иштер;

- битехникалык иш-чаралар;

- бугу-марал питомниги;

- экологиялык туризм.

Корук режими

Коруктун аймагы Кашка-Суу жана Кара-Таш токой бөлүмдөрүнөн жана 17 курчоодон турат. Коруктун коргоо бөлүмүндө 20 токойчу кызмат кылышат. Үч жерде туруктуу (стационардык) посттор, эки жерде эрте жаздан кеч күзгө чейин иштөөчү посттор уюштурулган.

Илимий иштер

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү когоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан бекитилип берилген илимий темалар боюнча, коруктун илимий техникалык кеңешинде талкууланып бекитилген илимий өндүрүштүк иш пландын негизинде жүргүзүлөт. Ошондой эле Япониянын Шиншю университети жана тоолуу экосистемаларды изилдөө институту техникалык колдоо көрсөтүп келет. Биологиялык ар түрдүүлүккө видео көзөмөлдөрдү (фотокапкан) колдонуу менен жыл сайын мониторинг (байкоо) жүргүзүлөт.

Долбоорлор менен иштөө

«Тоолуу экосистемаларды жергиликтүү коом менен ыңгайлаштырып тейлөө» долбоорунун алкагында корук кызматкерлерине Губертракер программасы окутулуп, смартфондор аркылуу маалымат топтоо иштери 2 даана смартфон аркылуу иш жүзүндө көрсөтүлдү. Бул багыт боюнча азыр корук кызматкерлери электрондук маалымат топтоо иштерин үйрөнүүдө. Бул долбоордон 5 даана фотокапкан, 2 даана JPS, 2 даана фотоаппарат корукка берилди.

Корукта жазында жана күзүндө эки илимий комплекстүү экспедиция бир айлык мөөнөт менен өткөрүлөт.

Коруктун алкагында бугу-марал питомниги түзүлгөн

Кыргызстанда бугу-марал Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында гана сакталып калган. Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда бугуну колдо жана жарым колдо кармап көбөйтүү менен Кыргызстандын башка аймактарына таратуу максатында 1988-жылы бугу-марал питомниги уюштурулган. Азыркы мезгилде питомникте 19 баш бугу-марал багылууда. Питомниктин экинчи багыты панта чарбасын уюштуруу болуп саналат. Коруктун токойлуу аймактарынан эртең менен же кечке жуук бугу-маралдарга толук байкоо жүргүзүүгө болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×