Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 14.09.2018 18:06

Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү жаштар аялдамаларды куруп, социалдык дүкөн ачышты (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүндө жаштар аялдамаларды куруп жатышат. «Мырза-Аке жаштар биримдиги» коомунун төрагасы Медербек Апархановдун айтымында, ушул жылдын март айында коом түзүшкөн. Учурда айылдагы активдүү жаштар инфраструктураны жакшыртуу максатында ар кандай демилгелерди көтөрүп, ишке ашууда.

«Биздин айылда аялдамалардын жоктугунан жол жүргөн айылдаштарыбыз жаан-чачын убагында суу болуп, ысыкта күндө турушчу. Биз ушул маселени чечели деп, айылдын негизги көчөсүнө 5 аялдама курдурдук. Мындан сырткары айылдын кире беришине айылдын аталышын жаздырып жатабыз. Ал түнкүсүн жарык болуп турат.

Ошондой эле жаштар арасында футбол оюндары уюштурулуп, элди сергек жашоого чакырабыз. Каржы маселесин дагы өзүбүз колго алып, чет мамлекеттерде иштеп жүргөн айылдаштарыбыз акча которуп турушат. Быйыл атайын муктаж адамдар үчүн дүкөн ачканбыз. Андан муктаж адамдар балдарына акысыз кийим алышат. Ал эми колунда барлар жардам катары буюмдарды, кийим-кечелерди алып келип беришет», - деди М.Апарханов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×