Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 14.09.2018 17:51

Ысык-Көлдө үч күн, үч түн «Манас» эпосунан үзүндү айтуу башталды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районундагы Чоюке манасчы багында үч күн, үч түн «Манас» эпосунан үзүндү айтуу иш-чарасы башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Ачылыш аземге өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев, район акими Улан Дөкөнбаев, ак-суулук аксакалдар, тургундар жана окуучулар катышты.

Бул күндөрү «Манас» эпосунан үзүндү айтуу үчүн Ысык-Көл өрөөнүнүн манасчыларынан сырткары Бишкектен, Таластан белгилүү манасчылар келишкен.

Манасчы Тилек Асановдун айтуусунда, бул күндөрү манасчылар каалаганча «Манас» эпосунан үзүндү айтышат. Убакыт жана сюжет жагынан чектөөлөр болбойт.

Иш-чара өтүп жаткан Чоюке манасчы багы Ак-Суу токойчулугуна карайт. Анын башчысы Бакыт Ыбыкеевдин айтымында, манасчынын көбү Ак-Суу районунан чыккан.

«Ак-Суудан Саякбай Каралаев, Чоюке, Шаабай Азизовдон башка дагы 17 манасчы чыккан. Андыктан, Арык Мырзанын мааракесинин алдында манасчыларды чогултуу жакшы идея болду. Бул Чоюке манасчы багы 5 гектар жерди ээлеп, мында бак-дарактын 11 түрү отургузулган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×