Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Чүй облусуЧүй району 14.09.2018 17:49

Айыл турмушу: 26 жылдан бери билим алып келе жаткан Үмүттүн эмгек менен ширелишкен өмүрү (сүрөт)

Turmush -  Үмүт Матаева 26 жылдан бери билим алып келет. Ал 1986-жылы 6-апрелде Чүй районуна караштуу Он бир-Жылга айылында төрөлгөн.

Өзүнүн айтымында, келечекте аспирантураны окуп жана юридикалык факультеттен билим алат.

«Үй-бүлөлүк абалым – бойдокмун. Чынын айтсам, жалаӊ окуу менен жүрүп жеке жашоомо көӊүл бурбаптырмын. Эл катары студенттердин жашоосун башыман өткөргөн жокмун. Иштеп жана китепканада китеп окуу менен өткөрдүм. Ушул күнгө чейин окуп келе жатам. Келечекте дагы аспирантураны окуп жана юридикалык факультеттен билим алам деген максаттарым бар.

1992-жылы А.Керимбаев атындагы №19 орто мектепке кирип, аны 2003-жылы аяктагам. Ушул жылы Токмок шаарындагы Республикалык маданият техникумуна тапшырып, аны да 2006-жылы ийгиликтүү аяктап алдым. Андан соң, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, 2011-жылы тарых жана укук тануу адистигинин ээси болдум. 2016-жылы Кыргызстандын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына магистратурага тапшырып, 2018-жылы мамлекеттик башкаруу адистигин алып чыккам», - деди ал.

Үмүт Матаева учурда Чүй райондук маданият бөлүмүндө башкы адис болуп эмгектенип келет.

«Эмгек жолум 2010-жылы С.Керимбаев атындагы орто мектепте катчы болуп эмгектенүү менен башталды. 2011-2012-жылдары Чүй районуна караштуу Прогресс орто мектебинде тарых жана укук тануу сабагынан мугалим болуп эмгектенгем. 2013-жылдын март айынан тартып ушул күнгө чейин Чүй райондук маданият бөлүмүндө башкы адис болуп эмгектенип келем.

2013-жылы Чүй райондук маданият бөлүмүнүн, 2014-жылы Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын ардак барачалары менен 2015-жылы Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын "Кыргызтест" тастыктамасы, 2016-жылы "Коррупцияга каршы элдик көзөмөл" коомдук бирикмесинин мактоо баракчасы менен сыйлангам. Ошондой эле, 2016-жылы КРдин профсоюзунун, 2016-жылы Чүй районунун архивинин ардак баракчалары менен сыйлангам. Мындан сырткары, 2016-жылы КРдин мамлекеттик кадрдык кызматынын, 2017-жылы Кыргызстандын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын сертификаттарына ээ болгом», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×