Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ош облусу, Ош 14.09.2018 17:40

Ошто 4-кабаттан кулаган эне-баланын документтери болгон эмес. Наристенин жаракаты оор

Turmush -  Ош шаарында 4-кабаттан 8 айлык баласы менен кошо секирген аялга өздүгүн аныктоочу документ алууга жардам көрсөтүлөт. Учурда анын жана баласынын да документи жок экени белгилүү болду.

Шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Дина Анарбаеванын айтымында, келиндин паспорту, баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок.

«Биз Кара-Балтадагы социалдык өнүгүү бөлүмүнө кат аркылуу кайрылганбыз. Алар келиндин паспорту жок экенин айтышты. Ал буга чейин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен эле жүргөн. Учурда биздин кызматкерлер аялга паспорт алып берүүгө жардамдашууда. Ал паспорт алса, андан соң уулуна туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет.

Келиндин кайын энеси ооруканадагы небереси айыккандан кийин багууга даяр экенин билдирди. Бирок 8 айлык баланын абалы оор», - деди Д.Анарбаева.

------------------------------------------------

Балалуу келин 6-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында Ош шаарындагы Урицкий кѳчѳсүндѳ жайгашкан кѳп кабаттуу жатакананын 4-кабатында коридордун ачык турган терезесинен кулаган. Ал Чүй облусунун 1978-жылы туулган тургуну экени, колундагы уулу 2018-жылдын февраль айында төрөлгөнү такталды. Окуянын кесепетинен экѳѳ тең денесинен жаракат алып, тез жардам кызматынын дарыгерлери аларды эки башка ооруканага жеткирген.

Дарыгерлердин акыркы маалыматы боюнча, эненин абалы орточо, ал эми баланын абалы оор. Терезеден кулаган аялдын буту сынса, баласынын баш сөөгү сынып, баш мээсине кан уюп калган.

Бул окуя боюнча соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертиза дайындалып, ар тараптуу текшерүү иш-чаралары жүрүп жатат. Алгачкы териштирүүнүн жыйынтыгына караганда, 4-кабаттан секирген келин үй-бүлөсү менен Чүй облусунда жашап жаткан. Жолдошу менен пикир келишпегендиктен эки баласын кайненесине таштап, кичүү баласы менен август айынын ортосунда Ош шаарындагы бир тууган эжесинин үйүнѳ келген. Күбѳлѳрдүн айтуусунда, акыркы мезгилдерде алкоголдук ичимдиктерди кѳп ичип жүргѳн.

Буга чейин Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Дина Анарбаева бул үй-бүлө кандай шартта жашаганын билүү үчүн Кара-Балтадагы социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө кат жолдонгонун билдирген.

Бул фактыга байланыштуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 28-97-беренесинин 2-бөлүгүндөгү 3-пункту (адам өмүрүнө кол салууга аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Расмий маалыматта баласын көтөргөн аял терезеден секирген учурда мас абалда болгону айтылат. Ал эми өзүнүн энеси өмүрүнө кол салган наристенин келечеги социалдык кызматкерлер менен бирге талкууланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×