Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 14.09.2018 17:06

Ысык-Көлдө колу сынгандан кийин каза болгон 8 жаштагы кыздын өлүмү иликтенет

Turmush -  Ысык-Көл районунда колу сынгандан кийин каза болгон 8 жаштагы кыздын өлүмү боюнча райондук ички иштер бөлүмү тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Маалым болгондой, милицияга 8 жаштагы Мединанын ата-энеси арыз менен кайрылган. Өз арызында алар кыздын өлүмүнө күнөөлүү болгондорду жазалоону жана бул боюнча укук коргоо органдарынан текшерүү жүргүзүүнү өтүнгөн. Арызга ылайык, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы Мединанын өлүмү боюнча текшерүү иштерин баштап, тиешелүү материалдарды чогултуп жатат.

Текшерүүнүн жыйынтыгында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренеси («Медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбашы») боюнча кылмыш иши козголот. Милицияга арыз 11-сентябрда түшкөн.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова (КСДП) саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевден Ысык-Көл облусунда колу сынгандан кийин каза болгон 8 жаштагы кыздын өлүмү боюнча маселени териштирүүнү өтүнгөн.

Ал эми Turmush басылмасына Мединанын чоң энеси Чынаргүл Момбекова окуя тууралуу айтып берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×