Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 14.09.2018 16:59

Сүлүктүдө шаарды өнүктүрүүгө багытталган марафондон 700 миң сомго жакын акча чогулду

Turmush -  Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык жана маданий абалын көтөрүү максатында өткөрүлгөн марафон жыйынтыкталып, 660 миң сомдон ашык акча чогулду.

Мэриянын маалыматы боюнча, марафонго шаардагы ишканалар, тургундар, шаарда төрөлүп өскөн чыгаан инсандар, мекендештер жана жашоочулар катышты. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышып, өз салымын кошушту.

Ал эми башка өлкөлөрдө жашаган мекендештер үчүн ачылган атайын эсепке канча каражат которулганы белгисиз. Эсепке акча которуу 22-сентябрга чейин улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×