Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 14.09.2018 16:46

Базар-Коргондо бош орундар жармаңкеси өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 14-сентябрда Базар-Коргондо «Бош жумуш орундары жана кесиптер-2018» аттуу жармаңке өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Базар-Коргон райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмү тарабынан уюштурулган иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тургундар катышкан. Мында лицейлердин окуучуларынын эмгектери көргөзмөгө коюлду.

«Жыл башынан бери 1000ден ашуун адам жумуш издеп кайрылган. Алардын 600гө жакынын иш менен камсыздоого аракет кылдык. Алардын басымдуу бөлүгү коомдук жумуштарга орноштурулду. Бүгүнкү иш-чаранын башкы максаты дагы жумушсуз адамдарды иш менен камсыздоого багытталган», - деди Базар-Коргон райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Кубатбек Раимкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×