Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 14.09.2018 16:41

«Тагдыр»: Нарындагы жалгыз бой эне эмне үчүн жолдошу менен ажырашканын айтып берди

Turmush -  Атын атагысы келбеген 35 жаштагы келин 22 жашында турмушка чыгып, 1 уул жана 1 кыздуу болгон. Учурда ал балдарын өзү жылгыз тарбиялап жатат.

Өзүнүн айтымында, жолдошу менен ажырашкан.

«Менин 1 кайын эжем, 6 кайын сиңдим бар. Кайын энем жана кайын атам жок. Кайын сиңдилеримдин, кайын эжемдин башында мага кылган мамилеси жакшы эле болчу. Кийин өзгөрүп, мага болгон мамилелери төмөндөп кетти. Төрөгөндөн кийин жолдошум экөөбүз батирлеп жүрдүк. Бир кайын сиңдим “Менин үйүмө барып жашагыла” деп айтып калды. Балабыз торолгуча жашап туралы дедик. Биринчи төрөт болгондуктан оор болуп, бала чоң төрөлдү. Түн ичинде бала ыйлап, жолдошум жардам берип жүрдү. Бирок кайын сиңдим “Сен эле туугансып, эмне үчүн агама баланы карматып коесуң” деп чыр чыгарууга аракет жасачу. Ошентип ортодо пикир келишпестик жаралып, кайра эле өзүбүздүн батирге бардык. Андан кийин дагы боюма бүтүп, кайын сиңдим “Сен эмнеге төрөйсүң, баланын да түйшүгү болот, тууйт деп эле тууй бересиңби” деп чыр баштады. Алардын бул сөздөрү менен боюмдан алдырганга чейин бардым. Бирок күйөөсү жок төрөп жаттым беле деп, төрөп алдым. Ай-күнүм жетип төрөгөндө, төрөтканага бирөө да келип койгон жок, сураган да жок. Көп эле кайын сиңдилер жеңелерин сыйлап, жеңелеп турганын көрөм. Мен кандай адаммын деп ойлоп кетем. Ортобузда сый мамиле болсо деп аракет кылчумун, сырдашкым келчү. Бирок баягы орой мамиле улана берди. Жолдошума да ар нерселерди айтып, экөөбүздүн ортобуз сууп, акыры ажырашууга алып келди», - деди ал.

35 жаштагы келин күйөөсү менен ажырашканына 5 жыл болгон.

«Бир гана кейигеним, балдарым ата мээримин, анын тарбиясын албай өсүп жатат. Биздин тагдырдын эки бөлөк болушуна ошол кайын сиңдилеримдин түшүнүгүнүн жоктугу жана алардын ортобузга чок салышы себеп болду. Кыздарга айтаарым, эч качан эки адамдын ортосуна бүлүк салбагыла», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×