Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Талас облусу, Талас 14.09.2018 15:58

Таласта 30 жигит аскерде кызмат өтөөгө жөнөтүлдү (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 14-сентябрда Талас шаардык бириккен аскер комиссариатында 30 жаш жигит аскерге кызмат өтөөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, алар Ош облусундагы мамлекеттик чек ара кызматына барып, 2 ай аскердик тартипте даярдоодон өтүп, андан кийин чек ара заставаларына бөлүнөт. Бүгүн аскерге кызмат өтөй турган уландардын биринчи тайпасы жөнөтүлдү. Иш-чарага ата-энелер, район жана шаар жетекчилери катышты.

Быйыл Талас облусу боюнча 189 жигит аскерде кызмат өтөөгө барат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×