Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусуНоокат району 14.09.2018 18:41

Ноокатта 23 жаштагы жигитти унаа сүзүп кетти

Turmush -  Ноокатта 23 жаштагы жөө жүргүнчүнү (эркек киши) автоунаа сүзүп кетип, ооруканага жеткирилди. Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү окуя кечээ, 13-сентябрда саат 09:00 чамасында болгонун билдирди.

Ноокат районунун 1985-жылы туулган тургуну Ш.К. өзүнүн «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Ноокат—Папан автоунаа жолунда бара жаткан. Анын унаасы Кыргыз-Ата айыл аймагынын Борко айылында чыгыштан батышты көздөй бара жатканда түштүк тараптан өтүп бараткан жүргүнчүнү сүзгөн. Жүргүнчү 1995-жылы туулган жергиликтүү тургун Д.М. экени такталды.

Денесинен жаракат алган Д.М. Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилген. Учурда бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, Ноокат РИИБ тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×