Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 14.09.2018 14:58 На русском

Дотациядагы айыл өкмөт: Лейлектин Тешик-Таш тилкесине бала бакча курууга мүмкүнчүлүк жок

Turmush -  Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн Тешик-Таш тилкесине мектеп жана бала бакча курууга мүмкүнчүлүк жок. Буга айыл өкмөттүн дотацияда турганы себеп болуп жатканын айыл өкмөттүн башчысы Анаркул Атамкулов билдирди.

Анын айтымында, учурда Искра айылында 500 орундуу бир типтүү мектеп бар, анда 400 окуучу билим алууда. Ошондой эле айылда 85 орундуу бала бакча иштейт. Аталган участкадагы окуучулар 1,2 чакырым алыстыктагы мектепте барып окушса, бала бакча 1,5 чакырым алыстыкта жайгашкан.

«Айылда ар бир саат сайын Исфана —Андарек—Сары-Дөбө каттамы үзгүлтүксүз иштеп келет. Мектеп, бала бакча салынган күндө да тилкеде жашаган окуучулардын саны жетпей, кыйынчылык жаралары талашсыз», - деди А.Атамкулов.

3 Буга чейин Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Искра айылынын Тешик-Таш тилкесинде бала бакча жок экени маалымдалган. Тургундар балдарын 5-6 чакырым алыстыкта жайгашкан кошуна айылдагы бала бакчага унаа менен алып барышчу.

Жашоочулардын айтымында, учурда 20га жакын жаш балдар бала бакчага барбайт. Себеби аларды бала бакчага алып барууга шарт жок болуп, үйдө эле тарбияланып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×