Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 14.09.2018 13:53

Көчмөндөр оюндары: Венгриялык Арон кыргыз ооз комузуна окшош аспапта ойнойт (видео)

Turmush -  Венгриялык Арон Сжилагий кыргыз ооз комузуна окшош доромб музыкалык аспабында ойнойт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

34 жаштагы Арондун айтымында, быйыл ал Кыргызстанга биринчи жолу келди. Анын келишине Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары себеп болуп, анда «доромб» деп аталган музыкалык аспабында ойноп берген.

«Буга чейин Кыргызстанга келүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Көчмөндөр оюндары болгон үчүн келип, Ысык-Көлдү көрдүм. Бизде «доромб» деп аталган улуттук музыкалык аспабыбыз бар. Ушундай эле аспап индиялыктарда, жапон менен кыргыздарда бар. Биздин аспаптар бири-биринен айырмаланып турат. Мисалы, кыргыз ооз комузу биздикине караганда бир аз кичинекей, бирок андан чыккан музыка окшош», - дейт ал.

Ошондой эле ал кыргыз кесиптештерин өзүнүн өлкөсүнө чакырып, иш-чараларда дуэт ырдоону сунуштады.

«Көчмөндөр оюндарын бекеринен ойлоп табышпаптыр. Мен буга көптөгөн өлкөлөрдөн келген катышуучуларды көргөндө ынандым. Көчмөндөр оюндарынын келечеги кең», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×