Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Чүй облусуЧүй району 14.09.2018 13:49

Айыл турмушу: Көлдүк Болот медицинада эмгек акы аз экенин билип, өмүрүн дарыгерликке байлаган (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Темировка айыл аймагынын Кашат айылында туулуп, ушул жерде өскөн дарыгер Болот Бурабаев атасынын кебин угуп, Москвага кетпей мекенинде кызмат өтөп калган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Болот 1991-жылы Ысык-Көл өрөөнүндө туулган. Үй-бүлөлүк абалга байланыштуу Бишкек шаарына көчүп келип отурукташып калышкан. Атасы Дөөлөт Бурабаев айдоочу болуп иштесе, апасы Марсияна Жумагулова №10 кесиптик лицейинде мугалим болуп эмгектенет.

Болот Бишкек шаарындагы №8 орто мектебинде 9-класска чейин окуп, андан кийин Кыргыз техникалык лицейине өтүп, аны жакшы аяктаган. Окуп жүргөндө физика, химия, чийүү жана биология сабактарына өтө жакын болуп, эки ойдун ортосунда чайкалган. Бирок акырында бала кездеги дарыгер болом деген кыялына жетти. 2008-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын балдар оорулары боюнча факультетине кабыл алынган. Окуудан сырткары илимий макалаларды жазып, КВНде ойноп, ар кыл фестивалдарга катышып, ийгиликтерге жетишти. 2014-жылы академияны аяктаган.

«Менин ата-тегим Ысык-Көл районунун Темировка аймагынын Кашат айылынан болушат. Ординатураны бүткөнүмө 3 жылдын жүзү болду. Учурда Эне жана балдарды коргоо улуттук борборунда кардиоревматолог болуп иштеп келем. Биз көбүнчө жаш балдардын саламаттыгын карайбыз. Балдарга бирдей мамиле кылган туура эмес. Алар кичинесинен эле өзүмчүл болушат. Ар бир балага өзүнчө мамиле, өзүнчө көңүл буруу керек.

Негизи эле жумушта, медицина тармагында эмгек акы аз, жаштар аны билип эле окуганбыз. Ошондуктан мен өкүнбөйм. Чет өлкөгө кетүүгө мүмкүнчүлүктөрүм бар болчу, бирок атам токтотуп калган. Атамды сыйлайм, урматтайм жана сөзүн угам. Ал мага "үй-бүлөңдү багам деп акчага азгырылба" деген. "Өзүң жумушуңду аткар, биз жардам беребиз" деп айткан. Антип айтса деле көп жардам сурабайм, буюрса аз болсо да жетет», - деди ал.

Б.Бурабаев 2019-жылы илимий ишин жактарын да кошумчалады. Ал учурда үй-бүлөлүү, жубайы менен 3 жыл мурда баш кошушкан. Бир кыздын ата-энеси Чүй районунда жашашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×