Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 14.09.2018 13:15

Нарын театрынын 2 кызматкери мамлекеттик наамдарга ээ болушту (сүрөт)

Turmush -  М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу-драма театрынын кызматкерлери мамлекеттик наамдарга ээ болушту. Бул тууралуу аталган театрдын директору Темирлан Сманбеков билдирди.

Маалым болгондой, аталган театрда эмгектенген көркөм жетекчи Жалил Мидинов «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгеги сиңген ишмер» деген наам алса, театрдын актеру Канат Мамырканов «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамына ээ болду.

«Эгемендүүлүк күнүнө карата президентибиздин буйругу менен өнөр адамдарына бир топ сыйлыктар берилди. Башка театрларга салыштырмалуу биздин театр эки наам алды. Биздин көркөм жетекчибиз Жалил Мидинов "КРдин маданиятына эмгеги сиңген ишмер" деген чоң наам алды. Канат Мамырканов деген актерубуз "КРдин эмгек сиңирген артисти" деген наамга татыды. Бул театрыбыздын иши быйыл жемиштүү болуп жаткандыгынын белгиси», - деди театр жетекчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×