Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.09.2018 12:38 На русском

ИИМдин башчысынын орун басары К.Асанов милиционерлердин маянасы канча пайызга көтөрүлөрүн айтты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 14-сентябрда Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүндө ички иштер министринин орун басары К.С.Асановдун Ысык-Көл жана Нарын облустук ИИБдин өздүк курамы жана ардагерлери менен соттук-укуктук реформалар боюнча жолугушуусу болду.

Маалым болгондой, жолугушууда жаңы кабыл алынган КРнын Кылмыш-жаза кодексинин, КРнын Жазык-процесстик кодексинин, КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин, КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин жоболору талкууланып, «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамынын долбоорунун жана «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамынын долбоорунун бет ачары болуп, талкууга алынды.

Анда ИИМдин башчысынын орун басары К.С.Асанов: «Президент Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин 2018-жылдын 22-майындагы «Жүргүзүлгөн соттук реформанын алкагында кабыл алынган айрым чаралар жөнүндө» №124 ПЖ Жарлыгын аткаруунун алкагында, 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган жаңы кодекстердин жоболору укук коргоо органдарынын ишмердигин өркүндөтүүгө, калктын милицияга болгон ишенимин жогорулатууга, ошондой эле укук коргоо органдарында реформаны ишке ашырууга багытталат жана мунун негизги өзгөчөлүгү жарандардын укуктары менен эркиндигин жана коомдун кызыкчылыгын коргоого укук коргоо органдарынын ишмердигин кайрадан багыттоо болуп саналат», - деп белгиледи.

Ошондой эле ЕККУнун каржылык колдоосу менен 3100 даана жаңы кодекстер басылып чыгарылып, киргизилген өзгөртүүлөрдү окуу жана практикада колдонуу үчүн республиканын ИИОнун аймактык бөлүктөрүнө таратылып берилгенин айтып өттү.

Ошондой эле мыйзам долбоорлорун кабыл алуу республиканын жарандары жана ИИОнун кызматкерлеринин ишмердиги, башка укук коргоо органдары үчүн жогорку мааниге ээ. Ошентип, «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» КРдин мыйзам долбоору 2018-жылдын 28-июнунда республиканын парламенти тарабынан биринчи окууда кабыл алынган жана экинчи окуунун алдында зарыл болгон учурда сунуштарды жана эскертүүлөрдү киргизүү үчүн республиканын аймактарында кошумча кеңири талкуулоо үчүн сунушталган.

Бул мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө тартибинин жана шарттарынын бирдей укуктук жана уюштуруучулук негиздери, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктук абалы (статусу) жана социалдык жактан камсыздоо кепилдиктери, бардык укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин акчалай үлүшүнүн, кийим-кече, пенсия менен камсыздалышынын жана социалдык колдоонун тутумун унификациялоо, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кызмат өтөөсүндөгү чектөөлөр аныкталган.

Демек, мыйзам долбоорун кабыл алууда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, биринчи кезекте катардагы жана кенже башкаруу бөлүктөгүлөрдүн эмгек акысын 40%га чейин, ошондой эле ИИОдо кызмат өтөгөндүгүнө кошумча 30%, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин пенсияларын 40%га чейин көбөйтүүгө болот. Аны менен бирге укук коргоо органдарынын түзүмдөрүндөгү коррупциялык аракеттерди азайтуу жана укук коргоо кызматынын беделин көтөрүүгө жардамы тиет.

ИИОнун кызматкерлери менен ардагерлери саамалыкты жылуу кабыл алышып, мыйзам жана жаӊы кодекстердин долбоорлорун талкуулоого активдүү катышты. Мындан ары да өздөрүнүн кызматтык милдеттерин так жана таза аткаруу менен өткөрүлүп жаткан реформаларды колдой тургандыгын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×