Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 14.09.2018 12:00 Жаңыланды: 14.09.2018 13:23

Өзгөндө 5 жаштагы баланы унаа сүзүп кетти

Turmush -  Өзгөн районунда жолдон өтүп бара жаткан 5 жаштагы баланы автоунаа сүзүп кетип, ооруканага жеткирилди.

ӨЗгөн

Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктагандай, окуя 12-сентябрь күнү саат 10:30 чамасында Өзгөн шаарынын Мирзарахимов көчөсүндө жайгашкан Салижан Шарипов орто мектебинин алдында болгон. Окуучуну Бишкек—Ош автоунаа жолунун 613-чакырымында Өзгөн шаарынын тургуну 1986-жылы туулган А.Б. өзүнүн «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү унаасы менен сүзгөн.

Жабырлануучу 2013-жылы туулган К.М. экени такталып, аймактык ооруканадагы дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат. Учурда бул факты боюнча Өзгөн РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Өзгөн

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×