Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Чүй облусуПанфилов району 14.09.2018 11:19

«Үй-бүлө кургум келчү, бирок сүйүктүүмдү тапкан жокмун»: 59 жаштагы сүрөтчүнүн көркөм дүйнөдөгү жашоосу (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Каптал-Арык айылынын 59 жаштагы тургуну Мурат Израилов бала кезинен сүрөтчүлүк менен алектенип келет. Ал көркөм дүйнө менен жашоо кечирип, кудайдан берилген талантты аздектеп жүрүп, үй-бүлө кура алган эмес. Ал аймактык кабарчыга эмгек менен ширелишкен өмүрүн айтып берди.

Мурат Израилов 1959-жылы 15-мартта Баткенде төрөлгөн.

Өзүмдү бактылуумун деп сезем

- Жашоодо өкүнгөн учурларым көп эле. Баарын айтыштын кажети деле жок. Анын үстүнө сүрөтчүнүн тагдыры болот. Сүрөтчү болуш деле оӊой эмес. Бирок мен өзүмдү бактылуумун деп эле сезем.

Ата-энемди жакшы көрүп, аябай сыйлачумун. Энем өткөндө дүйнөдө жалгыз калгандай болдум. Бир кездери ата-энем, чоӊ энем болуп, очор-бачар чоӊ үй-бүлө элек. Ошол мезгилдер башкача болот экен. Бирок бул жашоонун мыйзамы эмеспи, алардын баары өз кезеги менен бул дүйнөдөн өтүштү.

Негизи кандай адам бактылуу? Алты саныӊ аман болсо, көзүӊ көрсө, тамактын даамын билсеӊ, буту-колуӊ иштеп, ден соолугуӊ болсо – мына ушул адам бактылуу.

Мен дагы элге окшоп үй-бүлө кургум келчү

- Жаш курак деле өтүп бара жатат. Бул жашта ушундай болуп калыш керек эле деген жашоонун мыйзамы жок да. Билбейм, эмнеден экенин, тагдыр го. Тандаган тазга жолугат дейин десем, антип деле кесирленип кыз тандаган жокмун. Жаш кезде достошуп сүйлөшкөн кыздар болду. Бирок эмнегедир ушул кыз менин колуктум болуп берсе, балдарымдын энеси болсо деген көӊүлүмө төп келген кыз жолумдан чыккан жок. Жөн эле үйлөнүш керек эле деп үйлөнүп алгым келген жок. Бирок мен муну көп трагедия деп эсептебейм. Адамдар ар түрдүү болот. Анан түрдүү тагдыр болот. Бул жогору жактан чечилген жазмыш болушу да мүмкүн.

Үйдө болсо эӊ улуу эжебизден кийин 4 эркек бар. Мен үчүнчүсүмүн. Бир туугандарымдын баарын сыйлайм, жакшы көрөм.

Бала кезден сүрөтчү болдум

- Негизи мен төрөлгөн жылдары түштүктөгү мугалимдер жамааты түндүктөн келгендер болчу. Ата-энем мугалим болгондуктан, алар да Чүйдөн Баткенге барышып, мен ошол жактан төрөлүп калдым. Бул сүрөтчүлүк өнөрү менде кичинекей кезден эле пайда болду. Кыргызстандын белгилүү сүрөтчүлөрүнүн айрымдары бир уруудан чыккан агаларым болуп кетет. Бирок алардын таасири деле тийген жок. Анткени мен алардан алыс, Баткенде өсүп-чоӊоюп калдым. Мектепти бүткөндөн кийин азыркы С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм окуу жайына бардым. Ал кезде академия жок, сүрөтчүлөрдү эӊ мыкты даярдаган ушул училища болчу. Окууну аяктагандан кийин маданият үйлөрүндө сүрөтчү болуп иштеп жүрдүм. Союз ыдырап, заман кыйындап калганда Бишкекке келип, сүрөт тартып иштеп калдым. Негизи мен училищадан декоратив жанрын бүткөм. Бирок бардык эле жанрда сүрөт тарта берем. Анын ичинен мага живопись көбүрөөк жагат.

Сыйлык талашып, наам сураган жокмун

- Эргүү мага ар кандай учурда келет. Кээде эргүүнү күтүп отура берген деле болбойт. Эмгектенүү керек. Сүрөтчүнүн тили боёк, айта турган сөзүн сүрөт менен жеткиргенге аракет кылат.

Көргөзмөлөргө, сынактарга деле катышкан эмесмин. Сыйлык, наам деле алган жокмун. Алыкул Осмоновдун музейине сүрөт тартып бердим. Акчасын деле албай койдум. «Грамота беребиз, аты-жөнүӊөрдү бергиле» деди, анын деле кереги жок деп алган жокмун. Болгону быйыл Көчмөндөр оюндарына Панфилов районунун атынан барып, «Көркөм өнөр» сынагынан 2-орунду алдым.

Кыргызстанда көп болбой, чет өлкөлөргө чыгып иштеп келдим. Келгениме 2 жыл гана болду. Түркияда бир топ жыл иштедим. Бирок ал жакта сүрөт көп деле бааланбайт экен. Учурда менин сүрөттөрүм Бишкекте сатылат. Кардарлар кудайга шүгүр. Чет өлкөдөн бери келип алып кетишет. Келечекте тарыхый темалар боюнча сүрөт тарткым келип жүрөт. Өзүмө ушул тарыхый окуялар жагат.

Тема боюнча: Спорт чебери С.Жангированын 64 жыл жалгыз өткөргөн өмүрү: Үйүн өзү куруп, жер иштетип жатат (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×