Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 14.09.2018 10:25 На русском

Айыл турмушу: Жолдошунан эрте ажыраган Кыйбат апа 7 уулду өстүрүп, 5 келиндүү болду (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бейшеке айылынын 65 жаштагы тургуну Кыйбат Карабаева 7 баланы жалгыз тарбиялап өстүрдү. Учурда бактылуу карылыкта өмүр сүрүп жаткан каарман менен аймактык кабарчы таанышты.

Кыйбат Карабаева 1970-жылы айылдашына турмушка чыгып, жолдошунан эрте айрылган.

«Бала чагымда абдан тентек болуп, анын айынан көп тил угат элем. Классымда 14 кыз жана 14 бала билим алдык. Бири-бирибизди кубалашып, ызы-чуу салып жиберчүбүз. Бир да мугалимдин тилин укпай, директор баарыбызды эшикке чыгарып, мектепти бир нече жолу айлантып чуркаткан. Ошондон кийин тентек кылганды токтотконбуз.

1970-жылы 9-классты аяктаганда бир тууган байкемдин досу өз колу менен көтөрүп кетип, үйүнө ала качып барды. Ал убакта кайра артка барууну уят деп билип, намыс менен жашоону уланткам. Жолдошум өзүмдөн 9 жаш улуу эле, көзүмдү карап, сыйлап өттү», - деди ал.

Тартипти бекем кармаган кайын эне менен кайын атанын колуна келгенин айткан Кыйбат апа: «Ашыкча сыртка басуу деген жок эле. Бир күнү суранып отуруп индиялыктардын тасмасын көрүп келүүгө уруксат алдым. Бирок тасма көрүүгө бара жатканда караңгыда көрбөй, жолдогу көлчүккө кулап, кайра үйгө кайтканбыз.

Үй жумуштарын бүтүрүүгө шашып, байкабай тамак куйган идиштерди дагарага салып келип, баарынын ээсин оодаргам.

7 уулдуу болуп, балдарыма татыктуу тарбия берип, чоңойтуп, 4 келин, 1 небере келиндүү болдум. Улуу балам Мирлан, андан кийинки уулдарым — Ислам, Руслан, Акбар, Гапар, Келдибек жана Бердибек. Келиндерим — Гүлназ, Уулжан, Элнура, Алиса жана Зарина. Алар мен үчүн өз кызымдай болуп калышты. Келиндерим үй жумуштарын жакшы жасап, тикмечиликке шыктуу», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×