Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 14.09.2018 09:11

«Мекендештер»: Россияда коомдук унаа айдаган Максат жолдон адашып, москвалыктарды башка жерге алып барган (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылында туулган Максат Абдыраимов 2 жылдан бери Москва шаарында коомдук унаа айдап, жергиликтүү элге кызмат көрсөтүп келүүдө. Мекендешибизден аймактык кабарчы кабар алды.

М.Абдыраимов 2016-жылы Москва шаарына сапар алып, көп жумуштарда иштеген.

«Буга чейин курулушта иштедим. Андан соң такси кызматында эмгектендим. Учурда жеке фирмада "Спринтер" унаасы менен жүргүнчүлөргө кызмат кылып жатабыз. Автоунааны ижарага алгам. Күнүгө ижарасына 7 миң рубль төлөйм. Өзүмө 1500-2000 рубль каражат түшөт. Жол кире бир адамга шаар ичинде 40 рубль болсо, шаар сыртына 100 рубль. Бул жакта деле Бишкектегидей, айырмасы жок. Аялдамага деле токтобойбуз. Каалаган жерге токтоп, жүргүнчү салып, алар каалаган жерден токтоп беребиз. 1 жылдай болуп калды, Москванын ичине кичине тартип киргизишти», - деди Максат мырза.

Буга чейин Бишкекте автоунааларга сыр чачып иштеген мекендешибиз 10 жылдан ашык убакыттан бери унаа башкарып келет.

«Бул жакка жаңы келгенде документ даярдоо иштеринде кыйналып жүрдүм. Андан кийин каттамга айдоочу болуп, жаңы жумушка орношкондо начар автоунаага туш болуп калып ошондо бир кыйналдым. Учурда бардыгы өз нугуна түшүп, жакшы болуп калды. Жаңыдан иштеп баштаган кезде өзүм каттай турчу көчөнү унутуп калып, ал көчөдөн өтүп кетиптирмин. Аңгыча эле ичиндеги орус жүргүнчүлөр ызы-чуу болуп, кыйкырып эле калышты. Кайра кайрылайын десем бурулуштан дагы алыстап кетиптирмин. Бир топ алысыраак жерге барып, кайра өзүмдүн каттамымдагы көчөгө келгем. Ошол эсимден кетпейт», - деди ал.

Айдоочулук кесип менен гана алектенбестен, Москвадагы коомдук иш-чараларга активдүү катышып турган Максат мырза ал жердеги жаштардын төрагасы дагы болууга жетише алган.

«Бул жакта "Нарын—Теңир-Тоо" коому бар. Курамында 300дөн ашык адам бар. Ошол коомдо жаштардын төрагасы болуп шайлангам. Бул коомдун өзүнө энчилүү мөөрү жана желеги болгондуктан, документи аркылуу ишкерлик кылууга болот. Коомдун атынан көптөгөн иш-чараларга, конокторго чакырып турушат. Мекенге болгон сагыныч, кусалык аябай күчтүү. Былтыркы жылы 1 жумага барып келгем. Кудай буюрса быйыл октябрь айында 1 айга барам. Азырынча мекенге кетүү оюмда жок. Дагы 5 жыл иштеп, Кыргызстандан үй сатып алып же салып алсам деген план коюп жатам», - деди ал.

М.Абдыраимов 35 жашта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×