Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 13.09.2018 16:06

Чаткалда 5 жылда 5 мектеп, 7 бала бакча курулуп, 41 чакырым жол асфальтталды (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунда 5 жылдын ичинде 5 мектеп, 7 бала бакча курулуп, 41 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Райондук администрациянын билдирүүсү боюнча, райондо 5 жыл аралыгында эскилиги жеткен 10 ФАПтын имараты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

Учурда жаңы имараттуу болгон 5 мектепте — Ак-Таш айылындагы К.Усупбеков, Айгыр-Жал айылындагы А.Айымбетов, Жер-Капчыгай айылындагы Б.Баймырзаев, Коргон-Сай айылындагы К.Акназаров жана Чакмак-Суу орто мектептеринде ыңгайлуу шартта билим берүү улантылып жатат. Ал эми көйгөй жараткан Ж.Ташикеев жана Кайың-Суу орто мектептерин жаңылоо аракеттери көрүлүүдө.

Мындан сырткары райондо 10 бала бакчанын имараты курулса, анын жетөө ишке киргизилип, 300дөн ашуун бала тарбияланып жатат.

Райондо 2013-жылдан бери 41 чакырым жол асфальтталса, бир нече чакырым жолго шагыл төшөлүп, тегизделди. Ошондой эле Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев 2020-жылга чейин СССР мезгилинде курулган имараттарды толук жаңылоо аракетин көрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×