Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 13.09.2018 14:27 На русском

Макулдашуу аткарылган эмес: Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты (видео)

Turmush -  Кечээ, 12-сентябрда Баткен районунун Ак-Сай айылында кыргыз-тажик тургундардын ортосунда жаңжал чыкты.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, Ак-Сай айылынан 50гө жакын, ал эми Тажикстан тараптан 60тан ашык адам чогулган. Чырга чек арадагы такталбаган жер себеп болгон. Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавындагы такталбаган жерден тажик тарап суу түтүктөрүн алып өтүүгө аракет кылган.

11-сентябрь күнү Ак-Сай айылынын башчысы менен Тажикстандын өкүлү жолугушкан. Анда Ак-Сай айылы такталбаган жер аркылуу элди селден сактоо, анын кесепеттерин жоюу максатында суунун нугун бурууга, ал эми тажик тарап дүкөн куруу жана төгүлгөн шагылдарды жайып алуу боюнча макулдашкан. Ак-Сайдын тургундары 12-сентябрда ишти баштап, бирок техникасы бузулуп калган. Ал эми тажикстандыктар убадалаган жумушту эмес, суу түтүгүн алып өтүп баштаган. Эки элдин ортосундагы пикир келишпестикти чек арачылар токтотууга аракет жасашкан.

Учурда Баткен районунун акими тажикстандык өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Чек арадагы абал тынч.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×