Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Чүй облусуСокулук району 13.09.2018 12:39 На русском

Эң кымбат өлкө, 35 жаштан турмуш курган жаштар... Д.Сарбатова жактырган швециялыктар (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жал айылынын 34 жаштагы тургуну Динара Сарбатова Азияга жана Европага саякаттап, бир топ мамлекеттерди кыдырды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Европага чейин Азиянын Түркия, Россия, Кытай, Казакстан, Таиланд өлкөлөрүнө саякат жасап келгем. Кийин Европанын Швеция жана Финляндия мамлекеттерине бардым. Буюрса дагы көптөгөн өлкөлөргө барам. Саякаттоомдун негизги максаты – ар бир элдин маданияты менен таанышып, жерин көрүп, алардын жакшы жактарын өз өлкөмө алып келүү.

Швецияны мен бир көрүп эле сүйүп калдым десем болот. Швециянын эли эӊ эле маданияттуу калк экен. Ушунчалык жөнөкөй, кичипейил, дайыма жүздөрүнөн жылмаюуну гана көрөсүӊ. Бири-бирин тааныбаса дагы дайыма учурашып, саламдашып, жылуу мамиле кылышат. Эгерде көчөдөн бир даректи таппай, жолдон тааныбаган эле бейтааныш адамдан сурасаӊ, бошобой, шашып бара жатса дагы колуңдан жетелеп көрсөтүп, кээ бир учурларда жеткирип да барышат экен.

Шаарлары ушунчалык таза, кооз, ал эми жаратылышын сөз менен жеткирүүгө мүмкүн эмес. Суусунун тазалыгы боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Бирок бир жери бар. Швецияда жашоо кымбат экен. Жаштардын 70-85 пайызы 30-35 жашка чыкканда турмуш курушарын байкадым. Элдери аябай чынчыл болот экен. Алдоо, уурдоо деген түшүнүк жок. Бул бизге сабак болот го дейм.

Келечекте биздин сүйүктүү мекенибиз Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуп, Кыргызстандын желегин дүйнөгө желбиретсем деген максатым бар», - деди ал.

Динара Сарбатова 1984-жылы Сокулук районунда төрөлгөн.

«Менин сүйүктүү апам, эки кызым, агам, бир иним жана бир сиӊдим бар. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк боло турчу алтындай бир туугандарым жана досторум бар. Өзүмдү эӊ бактылуу айым деп эсептейм. Билимим жогорку. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×