Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баракелде, Бишкек 13.09.2018 10:16

УКМК: 72 жаштагы «телефондук террорист» аныкталды

Turmush -  УКМКнын кызматкерлери ушул жылдын март айында Бишкек ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалып, Жаш Гвардия жана Иваницин көчөлөрүнүн кесилишинде жардыруу даярдалып жаткандыгы боюнча билдирген жарандын өздүгүн аныкташты.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, айтылган жерге ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери жөнөп кетишкен. Аталган жерди текшерүү учурунда жардыруучу заттар же башка шектүү буюмдар табылган эмес. Оперативдүү-издөө иштеринин жүрүшүндө мас абалында жалган маалымат берген 1946-жылы туулган С.К. аттуу жаран кармалган.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси (террордук акт боюнча жалган билдирүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×