Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 13.09.2018 10:09 На русском

Ошто жигиттерге тийишкен мас кыздар токмоктолду

Turmush -  Ош шаарындагы Туран кичи районунда мас абалдагы 5 кыз жигиттерге тийишип, токмок жешти. Бул маалыматты Ош ШИИБден тастыкташты.

Маалым болгондой, 9-сентябрга караган түнү мас абалындагы 5 кыз жергиликтүү балдарга тийишишкен. Аталган жигиттер кыздарды ур-токмокко алып, учурда сабалган кыздардын бири Ош облустук ооруканасында дарыланууда.

Окуя боюнча бир дагы кыз арыз менен милицияга кайрылган эмес. Ош ШИИБдин кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп, окуяга катышкан 5 кыздын өздүгү такталган. Учурда окуяга катыштыгы бар делген шектүүлөрдү издөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×