Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Талас облусуТалас району 07.10.2018 09:54

«Жеңеке»: Күйгөн нанды боз үйгө катып, кайненесине уят болгон Атыжок апа 9 баланы өстүрдү (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 61 жаштагы тургуну Атыжок Ибрагимова күйүп калган нанды боз үйгө катып коюп, кайын энесине уят болгон. Ал келиндик доордогу жашоосу жана үй-бүлөсү тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Атыжок апа 1957-жылы 3-апрелде Талас районуна караштуу Жаңы-Турмуш айылында төрөлгөн. Айылдагы орто мектепти аяктагандан кийин кыялын ишке ашыруу максатында медициналык институтка тапшырган. Бирок үй-бүлөлүк шартка байланыштуу кайра биология факультетине которулган.

1975-жылы Арал айылына келин болуп келип, жолдошу Шумкар Абдиев менен борбордо жашашкан. Атыжок апа студент болгондуктан айылга эс алуу учурунда каттап турушкан.

«Айылга жаңы эле барганбыз, апам мага "нан бышырып кой" деп кеткен эле. Жасаган нандарымдын ичи бышпай, сырты күйүп калды. Апам келгиче нандарды үйдөгү күчүккө берсем, ал бирөөнү эле жеп, экинчиси калып калды. Кайсы жерге катарымды билбей, эртең күчүккө берип коем деп, боз үйдүн кийизине бастырып койгом. Ошол бойдон ал нанды унутуп калыптырмын. Бир күнү окуудан келсем апам "нандарды кайда каттың эле?" деп сурады. Көрсө мен кеткенден кийин апам боз үйдү бирөөгө бермекчи болуп жыйнаганда ичинен катып койгон нан чыккан экен. Ошол учурда апамдан абдан уялгам. Ал "балам, нанды кордобо" дегенден башка сөз айткан эмес. Апам 10 баланы өстүргөн баатыр эне болчу.

Апамдын жолун жолдоп, мен да баатыр эне болдум. Улуу кызым Анара 42 жашта, ал 4 баланын апасы болуп, ишкерлик менен алектенип жатат. Ага удаа төрөлгөн уулум 41 жашта, келиним экөө Бишкекте жашайт. Андан кийинки кызым Наргиза 39 жашта, ал 5 баланын апасы. Уулум Мүрөк 38 жашта, учурда ушул балам менен келинимдин колунда турам. Алар 2 баланын ата-энеси болушту. Кызым Нагима 36 жашта, бакай-аталык жигитке турмушка чыгып, 3 балалуу болду. Андан кийинки уулум Нурак 34 жашта, учурда Москва шаарында эмгектенет. Ал үй-бүлө кура элек. 1985-жылы кызым Сабира төрөлдү, ал 3 баланын апасы. Жаратканым мага эгиз балдарды берип бактылуу кылды. Алардын бири уул, экинчиси кыз», - деди ал.

Атыжок апанын учурда 15 небереси бар болсо, алардын улуусу 18 жашта, кичүүсү 1 жашта.

«Сөөктүн ортосундагы чучугу кандай таттуу болсо, небере да чоң ата, чоң апа үчүн ошондой таттуу болот экен. Эне болуу бакыты өзгөчө, сөз менен айтып бүтө алгыс сезим. Бул сезимди балдарым апалаган сайын сезип турам. 2015-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин колунан сыйлык алып жатканда толкунданып, кубандым. Албетте, бул сезим жүрөгүмдү жылытты.

Ысымым тууралуу айтып берейин. Менден улуу 3 бир тууганым бар, мен кенжесимин. Бир тууганым экөөбүздүн ортобузда 10 жаш аралык бар. Экөөнөн кийин төрөлгөн бир туугандарым чарчап калган экен. 10 жыл аралыгында 7 бала төрөлүп, баары чарчап калган. Ата-энем "жок дегенде бул кызыбыз токтосун" деп ат коюшпаптыр. "Атыжок кызым" деп эркелетип жүрүшүп, ушул ысым калып калган », - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×