Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Баракелде, Бишкек 13.09.2018 08:34

Октябрда Айтматовдун форуму катары таанылган Ысык-Көл форуму өтөт (фото)

Turmush -  Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 12-сентябрда Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлерине жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган «Человек жив, пока о нем говорят люди» китебин берүү салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

А.Өмүрбекова белгилегендей, көрүнүктүү жазуучунун мааракесин белгилөөнүн алкагында улуттук жана эл аралык иш-чаралар республикада, ошондой эле дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өтүп жатат.

«Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн булуң-бурчунан окурмандарын тапты. Анын чыгармалары көркөм тасмалардын, театралдык оюндардын, сүрөт көргөзмөлөрүнүн негизи болуп калды. Кыргыз элинин улуу уулу дүйнөлүк адабиятка баа жеткис салым кошкону менен сыймыктанабыз. Өкмөт Ч.Айтматовдун элесине арналган китепти басып чыгаруу демилгесин сыймыктануу менен кабыл алды. Китепте жазуучунун өмүрүндөгү алигиче белгисиз айрым барактар камтылган», - деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр билдиргендей, октябрда Бишкекте эл арасында Айтматовдун форуму катары таанылган Ысык-Көл форумунун ачылышы өтөт.

«Форумга 200гө жакын адамдын катышуусун күтүүдөбүз. Алар – окумуштуулар, адабият жана искусство ишмерлери, ошондой эле жазуучунун талантын баалагандар», - деди вице-премьер.

«Человек жив, пока о нем говорят люди» китебинин автору – Роза Айтматова. Жазуучунун карындашы өкмөткө жана Ч.Айтматовдун инсандык сапаттарын жана чыгармачылыгын сыйлагандарга ыраазычылык билдирди.

«III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы Чыңгыз Төрөкуловичке арналган, мындан тышкары анын “Жаныбарым, Гүлсары” чыгармасынын каарманына эстелик орнотулду. Бул үчүн биз чексиз сыймыктанабыз. Чыңгыз Айтматовго арналган китеп анын өмүрүнүн белгисиз жактарын ачат. Окурмандарга кызыктуу болот деп ишенебиз», - деген Роза Айтматова премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге китепти басып чыгарууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Китеп өкмөттүн колдоосу менен кыргыздын улуу жазуучусунун 90 жылдыгын өткөрүүгө даярдык көрүүнүн алкагында басылып чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×