Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 12.09.2018 20:03

Жаш талант: 16 жаштагы Э.Газбекова килем токуу, терме согуу боюнча мастер-класстарды өткөрөт (сүрөт)

Turmush -  Кырчында 9 баскыч менен өткөн «Көчмөндөр жаңырыгы» сынагында терме согуудан 1-орунду багындырган Элвира Газбекова кичинекей кезинен тартып кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул өнөрдү апаларынан үйрөнгөн.

«Мен кол өнөрчүлүккө кичинекей кезимден кызыгып өстүм. Бирок терме согуу менен алектенгениме 2 жыл болуп калды. Негизи апам, чоӊ апамдар кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Алардын жанында жүрүп көп нерсени үйрөнүп алдым. Мисалы, килем токуганды, курак кураганды, кийизден буюмдарды жасаганды билем.

"Көчмөндөр жаңырыгы" сынагында 32 кол өнөрчүнүн ичинен терме согуудан 1-орунду багындырдым. Байгеге 20 миӊ сом жана диплом беришти. Мындан сырткары 2017-2018-жылдары катары менен Оймо фестивалына катышып, мастер-класстарды көрсөтүп келем. Кол эмгектерди сатыкка коюп, киреше таап, ата-энеме жардам берүүдөмүн», - деди ал.

Жаш кол өнөрчү терме согуу өнөрүн тааныштырды.

«Терме — өрмөктүн эриш жиптерин терип согуу, көркөм көчөт келтирип согуу деген түшүнүктү берет. Термеде 3 сантиметрден 70-75 сантиметрге чейинки эндүүлүктөгү буюмдар согулат. Ага боз үйдүн боолору: уук тизгич, кереге баш чалгыч, үзүк боо, туурдук боо, жабык баш боо, жел боо (түндүк боо, тастар боо) жана салттуу үлгүлөр – кылдырооч, тегирич, кереге таңуу, шалча, ат жабуу, ээрге салгыч, куржун сыяктуулар кирет.

Бир боз үйгө керектелүүчү термени 10 күндөн ашуун убакытта бүтсө болот. Бир боз үйгө 60 метр ичке, 30 метр жоон терме кетет», - деди ал.

Элвира Газбекова Баткен облусунда 2002-жылы төрөлгөн.

«Учурда Сокулук районунда жашайбыз. Өзүм Бишкек шаарындагы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетте 1-курста билим алуудамын. Буюрса, кыргыздын унутта калган кол өнөрчүлүгүн жандандырууга өз салымымды кошом деп үмүттөнөм», - деди ал.

Ал үй-бүлөдө 4 кыз, 3 уулдун улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×