Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 12.09.2018 18:02

Кыргызстандык футболчу А.Шүкүров «Реал» клубунда ойноп калышы мүмкүн

Turmush -  Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын жана Кант шаарынын «Абдыш-Ата» клубунун оюнчусу Алимардон Шүкүров мадриддик «Реалдын» кароосунда. Бул тууралуу кураманын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Футбол федерациясынын басма сөз кызматына курган маегинде билдирди.

«Бизде Сагынбаев, Абдрахманов сыяктуу капталда ойногон оюнчулар бар. Алар борбордук чабуулчу катары да ойной алышат. Өлкөдө борбордук чабуулчулар аз болгондуктан бул позицияга алардын бирин карап көрөбүз. Ал эми Темирболотту капталда ойноого чакырдык. Ал акыркы убактарда өзүн жакшы көрсөтүп жатат, жаш оюнчуну колдоо керек. Башка тандоолор да болгон, бирок айрым футболчуларда командадан орун алууга мүмкүнчүлүк жок. Мисалы, Алимардон Шүкүров Мадриддин «Реал» клубунун кароосуна жөнөп кетти», - деди Александр Крестинин.

«Абдыш-Ата» футболдук клубу бул маалыматты тастыктады.

18 жаштагы Алимардон Шүкүров быйыл улуттук курамага чакырылып, Азия кубогунун бир оюнуна катышкан болчу. Ал Испаниядагы кароого байланыштуу олимпиадалык курама менен Индонезиядагы Азия оюндарына бара алган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×