Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.09.2018 17:51

Ак-Сууда Көчмөндөр оюндарында самбо мелдешинде коло медаль уткан спортчу сыйланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 12-сентябрда Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын 22 жаштагы тургуну, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында самбо боюнча коло медаль жеңип алган Данияр Бейшеевге сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сыйлоо аземинде спортчуга райондун Ардак грамотасы тапшырылып, Кара-Жал айыл өкмөтү жана айылдык кеңештин депутаттары тарабынан да белектер ыйгарылды. Данияр Бейшеев самбо боюнча мелдешке 74 килограмм салмакта катышкан.

«Мен алтын медалды багындырууга аракет жасагам. Бирок коло медаль буюрду. Иран, Азербайжан, Грузия мамлекеттеринин спортчулары менен таймашка чыгып, 3 беттеш өткөрдүк. Экөөнү утуп, бирөөнөн жеңилдим. Албетте, мелдеш оор болду», - деди ал.

Ал буга чейин Азия оюндарына эки жолу катышып, Түркмөнстан жана Түштүк Кореяда да коло медаль тагынган. Жакында эле эл аралык спорт чебери болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×