Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 12.09.2018 17:24 На русском

Кыргыз аялдар турмуштагы бардык кыйынчылыктарды көтөрүп келет, - жазуучу Т.Шайдуллаева (видео, сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 12-сентябрда Баткен шаарында жазуучу, публицист, илимпоз Топчугүл Шайдуллаеванын «Карегимде өрүкзар» аталышындагы чыгармачылык кечеси өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарада алгач жазуучу тууралуу маалымат берилип, андан соң анын «Өрүк эне» аңгемеси А.Жайнаков атындагы облустук музыкалык драма театры тарабынан театралдаштырылып, ырчы Мамажан Козубаев «Өрүкзар менин мекеним» ырын аткарып берди.

«Мага илхомду өрүкзар, Айгүл-Тоо жана туулган жерим берет. Беш китептин автору болуп, чыгармачылыгымдын 90 пайызы аялдарга арналды. Себеби кыргыз аялы турмуштагы баардык кыйынчылыктарга сабыр кылып, чыдап, көтөрүп келет. Ошондуктан чыгармаларымда кыйынчылыктарды жеңген жана оор турмуш көргөн аялдарга басым жасалды. Ошондой эле "туулган жердин топурагы алтын" дегендей, туулуп өскөн жерим — Баткенге, өрүкзарга басым жасайм», - деди ал.

Кечеге мурунку өлкө башчысы Роза Отунбаева, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Топчугүл Шайдуллаеванын окурмандары, күйөрмандары катышты.

Кеченин катышуучулары автордун чыгармалары кыргыз аялзатына дем-күч берип, алдыга үндөп, үлгү боло турганын белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×