Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 12.09.2018 17:20 На русском

Айыл турмушу: 62 жаштагы С.Карамендеева 26 жылдан бери гезит-журнал сатат (сүрөт)

Turmush -  Учурда ар бир гезиттин интернетте атайын сайты бар. Бул гезитти сатып алып окугандан алда канча жеңил экендигин эч ким тана албаса керек. Нарын шаарында 26 жылдан бери гезит-журнал сатып иштеген соодагер Сайрагүл Карамендеева мурдагыга салыштырмалуу элдин гезитке болгон суроо-талабы кескин төмөндөп кенкендигин аймактык кабарчыга билдирди.

Нарын шаарынын тургуну Сайрагүл Карамендеева 62 жашта. 30 жыл почтада оператор болуп эмгектенип жүрүп эле гезит сата баштаган.

«Мен мурда почтада 30 жыл оператор болуп иштегем. Ошол убакыттарда гезит сата баштагам, кийин пенсияга чыккан да гезит-журнал саттым. Ал убакта гезиттер көп өтчү, азыр андай эмес. Бул жерде 20 түр гезит бар, көбүнчө баш катырмалар. Өтпөй калган күндөр болот, айла жок чыгымды өзүбүз төлөйбүз. Көбүнчө интернетти түшүнбөгөндөр жана интернетке киргиси келбегендер гезит сатып алышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×