Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 12.09.2018 17:05

Сокулуктун футболчулары эл аралык Ысык-Көл оюндарында эки команданы жеӊип алды

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун «Сокулук-Биримдик» футбол командасы жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан эл аралык Ысык-Көл оюндарына катышып, учурда эки команданы жеӊип алышты. Бул тууралуу команданын негиздөөчүлөрүнүн бири Улан Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын «Арча-Бешик» жана Ысык-Көлдүн «Тамга» командаларын жеңип алышкан.

«Эртеӊ буюрса, Караколдун командасы менен күч сынашабыз. Байгелүү орундарга илинебиз деген үмүтүбүз бар», - деди ал.

Учурда республика боюнча 24 футбол командалары күч сынашууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×