Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 12.09.2018 16:50

Сокулуктун 7 спортчусу Көчмөндөрдө ийгиликтерди жаратышты (сүрөт)

Turmush -  Сокулук районунун 7 спортчусу III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алдыңкы орундарды багындырышты. Анын үчөө — Уланбек Насакеев, Рустам Тыналиев жана Султан уулу Кубантай көк бөрү курама командасынын мүчөсү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Сокулук райондук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнөн билдиришти.

«Асылбаш айыл өкмөтүнүн тургуну Сыргак уулу Сырттан тогуз коргоол боюнча 1-орунду алса, Күн-Туу айыл өкмөтүнөн барган Аскат Жунушалиев таяк тартыш мелдешинде 2-орунга татыды. Ошондой эле Новопавловка айыл өкмөтүнөн барган Эламан Касымбаев самбодон 2-орунга чыкса, Сокулук айыл өкмөтүнөн барган Нурсултан Уланов 3-орунга илинди», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×