Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 12.09.2018 16:26

Кара-Көлдө 8-класстын окуучусу өз өмүрүн кыйды

Turmush -  Кара-Көл шаарында 14 жаштагы кыз өз өмүрүн кыйды.

Маалым болгондой, окуя 11-сентябрда катталган. 2004-жылы төрөлгөн А.А. үйүнүн тапчанында жип менен асынып алган. Ал 8-класстын окуучусу болчу. Бул окуяны Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, тиешелүү иштер жүргүзүлгөнүн билдирди.

«Окуя болгон жерге Кара-Көл ШИИБдин тергөө тобу барып, тийиштүү иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Кыздын денесин дарыгерлердин, ата-энесинин катышуусунда кароодо мойнундагы жиптин изинен башка эч кандай белгилер, тактар аныкталган эмес. Ал эми өспүрүмдүн ата-энеси эч кимге доосу жоктугун билдирип, арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×